Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Иран АКШны "мыйзамсыз" санкциялары үчүн айыптады


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясын кырдаалды жаңы санкциялар менен бузуу аракети үчүн айыптады.

Вашингтон 18-июлда ирандык баллистикалык ракеталарды жана башка аскерий техникаларды өндүрүү программасына байланышы бар делген 18 уюмга жана жеке адамдарга санкциялардын жаңы айлампасы тууралуу жарыялаган. Андан бир күн мурда Трамптын администрациясы Иран дүйнөлүк алты держава менен түзгөн келишимдеги өзүнө алган милдеттенмелерин сактап жатканын ырастаган.

- Тилекке каршы, бул администрация үчүн көнүмүш, жаман адат болуп калды, Эл аралык коомчулук бул тууралуу катуу жана түшүнүктүү айтып, театрга көңүл бурбастан Иран менен кызматташууну улантып жатат, - деди Зариф Нью-Йорктогу Улуттар Уюмунун кеңсесинде.

Ак үй Иран келишимдин жоболорун техникалык түрдө сактап жатканын тааныганы менен, Иранды бул макулдашуунун духун сактабай жатканы үчүн айыптады. Вашингтондун ишендиришинче, Тегеран ракета сыноосун улантып жатат.

Зариф жаңы санкцияларды "мыйзамсыз" деп атады.

2015-жылдын июлунда Тегеран жана дүйнөлүк алты ири держава кол койгон макулдашууга ылайык, Иран уран байытуу иштеринен баш тартат, ядролук программасын чектейт, бул үчүн эл аралык санкциялардын бир бөлүгү алынат деп айтылган.

XS
SM
MD
LG