АКШ президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин ушул айдын башында өткөн Германиядагы "Чоң жыйырманын" саммитинде мурда белгилүү болгондой бир эмес, эки жолу жолугушуп, сүйлөшкөнүн Ак үй 18-июлда маалымдады.
Ак үйдүн маалымат катчысынын билдиришинче, эки өлкө жетекчиси алгачкы жолугушуусунда эки сааттан ашуун баарлашкан. Андан сырткары Трамп менен Путин саммит жүрүшүндөгү дүйнөлүк лидерлер жана жубайлары катышкан кечки тамакта кыска убакыт сүйлөшкөн.
Таасирдүү америкалык политолог, Eurasia Group иликтөө борборунун башчысы Иан Бреммердин айтымында, эки президенттин жекеме-жеке сүйлөшүүсү бир саатка созулган. Алардын ортосундагы сүйлөшүүнү Путиндин тилмечи которуп турган жана бул протоколду одоно бузуу катары саналат.
Ак үй АКШнын кечки тамакка барган котормочусу орусча билбегендиктен Путиндин тилмечи катышканын билдирди.
Ушу тапта АКШда Конгресс менен ФБР былтыркы президенттик шайлоого Москванын кийлигишүүсү болгонбу же жокпу деген маселени, Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын Орусия менен байланыштарын иликтеп жатат.