Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:07

Норвегиянын Хельсинки комитети жана Human Rights Watch укук коргоо уюму тажик бийликтери 9-июлда Германияда өткөн конференцияга катышкан он оппозициячыл активисттин туугандарын кармап, суракка алып жатканын кабарлашты.

1992-1997-жылдардагы Тажикстандагы жарандык согуштун аякташынын 20 жылдыгына арналган жыйын Германиянын Дортмунд шаарында өткөн.

19-июлда аталган эки уюм биргелешип тараткан билдирүүдө тажик бийликтери активисттердин туугандарын ачык эле уяткарып, мамлекеттен чыгууга тыюу салып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен коркутушканы айтылат.

Хельсинки комитети, Human Rights Watch укук коргоо уюму Кошмо Штаттарды, Евробиримдикти жана башка батыш мамлекеттерин "Тажикстандагы активисттердин туугандарына жасалган чабуулду" токтотууга салым кошууга чакырышты.

Укук коргоочулардын айтымында, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун администрациясы 2015-жылдан тарта оппозицияны басууну күчөткөн. Ошол эле жылы өлкөдөгү "Ислам кайра жаралуу" партиясы террордук деп табылып, партиянын ондогон мүчөлөрү камакка алынган.

XS
SM
MD
LG