Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Роботтордун эл аралык таймашында ооган командасы жеңди


Ооганстандан келген кыздар командасы.
Ооганстандан келген кыздар командасы.

Вашингтондо өткөн Роботтордун эл аралык таймашында Ооганстандан келген алты өспүрүм кыз жеңишке жетишти. 18-июлда жыйынтыкталган иш-чарада ооган командасы күмүш медалга татыды.

Алгач алты кызга АКШга барууга виза бербей коюшкан. Кийин АКШ президенти Дональд Трамптын кийлигишүүсү менен Ооганстандын батышындагы Герат провинциясынан чыккан алты кызга эл аралык таймашка катышууга уруксат берилген.

Үч күнгө созулган иш-чара дүйнөдөгү жаштардын арасындагы илим жана техникага болгон кызыгууну өстүрүүгө багытталган.

Алтынды Европадан барган команда алса, Армения колону алып кетти.

Эмдиги жылы таймаш Мексикада өтөт.

XS
SM
MD
LG