Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

БУУ: Йемендеги аба соккулардан 20дай жай тургун мерт болду


Йемендин картасы.
Йемендин картасы.

Улуттар уюмунун Качкындар боюнча агенттиги Йемендеги аба соккулардан кеминде 20дай карапайым тургун мүрт кеткенин кабарлады. Алардын арасында балдар да бар. 18-июлдагы чабуул өлкөнүн түштүк-батышындагы Таез провинциясынын Мавза районундагы жайкын тургундар отурукташкан аймакка жасалганын уюм шаршембиде тараткан билдирүүсүндө маалымдады.

Курман болгондордун көбү бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушу мүмкүндүгү да жазылган билдирүүдө.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, соккулар шиит козголоңчуларына каршы согушуп жаткан Сауд Арабия башында турган коалициянын учактары менен жасалган.

Ирандын колдоосуна ээ шиит козголоңчулары менен Саудия башында турган коалициянын ортосундагы жаңжалдын башталганына эки жыл болду. Согуш мамлекеттин инфрастуктурасын жарактан чыгарып, ачарчылыктын жана оорулардын жайылышына түрткү болду.

XS
SM
MD
LG