Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

20-июлдун аба ырайы


Кыргызстандын аймагында 20-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34,

Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25,

Бишкекте 20-22-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG