Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Литва орусиялык журналистке баш калка берүү чечимин карайт


Орусиялык журналист Евгений Титов.
Орусиялык журналист Евгений Титов.

Литванын Миграция департаменти орусиялык журналист Евгений Титовго саясий баш калка берүү чечимин кайра карап чыгат. Титов коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам Орусиядан 2016-жылы чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Литванын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграция департаменти ага саясий баш паанек берүүдөн баш тарткан. Бул чечимди кийин Вильнюстун аймактык соту да бекиткен. Андан соң журналист Литванын Жогорку Сотуна доо арыз менен кайрылган.

Евгений Титов 2007-2016-жылдары "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен кызматташып келген. Ал негизинен Краснодар аймагындагы адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу темаларды көтөрчү. 2015-жылы "Азаттыктын" орус кызматы Титовго кол салуу аракети болгонун жазган. Эгер бул жолу да ага Литва өкмөтү баш паанек бербесе журналист Орусияга депортацияланат.

XS
SM
MD
LG