Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Бишкекте алтай таануу боюнча эл аралык форум ачылат


Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (PIAC) 52-отурумунун катышуучулары. Хух-Хото ш., Ички Монголия, КЭР. 29.7.2009.
Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (PIAC) 52-отурумунун катышуучулары. Хух-Хото ш., Ички Монголия, КЭР. 29.7.2009.

Бүгүн (20-июлда) Бишкекте ачыла турган алтай таануу жаатындагы эл аралык илимий шериненин (форумдун) салтанаттуу ачылыш бөлүмүнө Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Орусиянын Башкортостан республикасынын лидери Рустем Хамитов, Татарстан республикасынын президенти Рустам Минниханов жана Саха (Якутия) жумуриятынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков катышып, сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.

Анда Евразиядагы Алтай тектүү элдердин гуманитардык, тарыхый, этностук, тилдик жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган акыркы илимий изилдөөлөр, билим берүү жана маданий долбоорлордун жыйынтыктары талкууланат.

Жыйындын катышуучуларынын бири, чех тарыхчысы Петр Кокайсл.
Жыйындын катышуучуларынын бири, чех тарыхчысы Петр Кокайсл.

Эл аралык шериненин ишине 100дөн ашуун чет элдик жана кыргызстандык алтай таануучу илимпоздор, алардын ичинде тарыхчылар, археологдор, этнографтар, антропологдор, лингвисттер, философтор, фольклорду, көркөм өнөрдү жана салттык маданий дөөлөттөрдү комплекстүү изилдөөчүлөр катышат. Алардын арасында айтылуу орусиялык археолог Юлий Худяков, хакас этнографы Виктор (Астайбек) Бутанаев, ж.б. бар.

Форум 21-23-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылып, анын соңунда биргелешкен декларация кабыл алынат. Кыргызстандын президентинин аппаратынан билдиришкендей, иш-чараны уюштуруу демилгеси мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге таандык. Бул шеринени уюштуруучулардын бири - "Мурас" коомдук фонду.

Заманбап илимдеги азыркыга чейин бүйүр талаша талкуу жүргүзүлүп келе жаткан теориялардын бири - эң байыркы доордо алтай тектүү элдердин ата-бабаларынын орток тил бутагынан ажырап чыккандыгы тууралуу илимий жоромол болуп саналат. Бул жоромолго ылайык, түрк тилдерине (анын ичинде кыргыз тилине) жапон, тунгус-танжур, корей жана монгол тилдеринде сүйлөгөн калктардын тилдери тектеш болуп саналат. Бул калктардын байыркы башаттык тилин, тарыхын, этнографиясын жана маданий баалуулуктарын жалпылап жана салыштырып иликтөө тармагы илимде "алтай таануу" (орусча "алтаистика", англисче "Altaistics") деп аталат.

ПИАКтын президенти, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле.
ПИАКтын президенти, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле.

Алтай таануу илимин өнүктүрүүгө салым кошкон көрүнүктүү инсандардын арасында маркум профессорлор Денис Сайнор, Эдгам Тенишев, Бүбүйна Орузбаева, ж.б. болгон.

Алтай таанууга арналган башка бир кадыр-барктуу илимий шериненин - Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК; PIAC) азыркы президенти, германиялык профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле айым кесиптештеринин Кыргызстанда ушул күндөрү өткөрүлгөн жаткан эл аралык илимий форумуна албан ийгиликтер каалады. (NT, TT).

XS
SM
MD
LG