Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:36

Баку Тоолуу Карабактагы добуш берүүнү сынга алды


Жикчил Тоолуу Карабак аймагынын лидери Бако Саакян.
Жикчил Тоолуу Карабак аймагынын лидери Бако Саакян.

Жикчил Тоолуу Карабак аймагынын парламенти 19-июлда аймактын лидерлигине үчүнчү мөөнөткө Бако Саакянды шайлады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хикмет Хажиев 19-июлда жасаган билдирүүсүнө бул окуяны "Армениянын дагы бир чагымы" жана "Азербайжандын Конституциясы менен эл аралык укукту" одоно бузуу деп атады.

Добуш берүүнү утурлай эле министрлик 17-июлда аны сындаган билдирүү таркаткан.

Азербайжандын бир бөлүгү, негизинен армян улутундагылар байырлаган Тоолуу Карабакты Армения колдогон жикчилдер 90-жылдардын башындагы согуш учурунда ээлеп алган.

XS
SM
MD
LG