Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Футбол: Кыргызстан Иранга 1:2 эсебинде утулду


Кыргызстандын 23 жашка чейинки футбол боюнча улуттук курама командасы Азия чемпиондугуна тандоо оюнунда ирандык атаандаштарына утулду.

Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей оюн кечээ,19-июлда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, 1:2 эсебинде коноктордун пайдасына аяктады. Оюндагы алгачкы голду Кыргызстан тараптан Роман Левченко 11-мүнөттө киргизди. Андан соң ирандык футболчулар (11 жана 42-мүнөттө) эки гол киргизүүгө жетишти.

Биринчи тайм бүтөрүнө эки мүнөт калганда Кыргызстан тараптан коргоочу Аскарбек Салиев кызыл айып кагазын алып оюндан чыкты. Экинчи бөлүктө бир оюнчуга кем ойногон кыргыз футболчулары гол киргизүүгө бир нече жолу аракет кылып, тилекке каршы ишке ашкан жок. Ошентип, алгачкы оюнда жеңишке жеткен ирандык оюнчулар үч упай топтоду.

19-июлда башталган Азия чемпиондугуна тандоо оюндарында Кыргызстан Оман жана Ирандын олимпиадалык курама командалары менен А тайпасында ойноп жатат. Бүгүн кыргыз футболчулары Омандын оюнчулары менен беттешет. Оюн кечки саат 7де башталат. 23-июль күнү Оман жана Ирандын футболчулары ойнойт. Финалдык оюндар 2018-жылы Кытайда өтөт. (ECh)

XS
SM
MD
LG