Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт агенттигинен билдиришкендей, тиешелүү келишимге бүгүн Бишкекте “Адам” университети менен индиялык “Аная Эдикейшн” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү кол коюшат.
Аталган университеттин Бишкектеги базасында ачыла турган факультетке студенттерди кабыл алуу 2018-жылдын башына пландалууда.
Жалпы “Дарылоо иши” багыты боюнча 70ке жакын студент алынат. Билим берүү жаатындагы милдеттердин баарын унисерситет көтөрөт. Бул үчүн алгач 1 миллион доллар инвестиция салмакчы.
Кыргызстанда медициналык билим алууга көбүнчө Индия жана Пакистандан келген студенттер кызыкдар. Өлкөдө учурда ар кайсы окуу жайларда 4 миңге жакын индиялык студент билим алат. (NT)