Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Сузакта кооптонуу жараткан көрүстөн көчүрүлдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, быйыл июнда башталган Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караган Акчалуу айылындагы көрүстөндү көчүрүү иши аяктады. Жалпы 1100 адамдын сөөгү казылып башка жайга жашырылды. Анын ичинен 152 сөөктүн кимге таандык экени такталды, 948и белгисиз. Азыр эски мүрзөнүн ордун тазалоо жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Өткөн айда аталган айылдагы Акчалуу жана Ачы сайларынан ташыган сел көрүстөндү бузуп, сөөктөрдү агызып кеткен. Жугуштуу оорулардын пайда болуу коркунучу жаралган.

Мүрзөдө 1900-2008-жылга чейин болжол менен миңден ашык адамдын сөөгү жашырылган. (NT)

XS
SM
MD
LG