АКШнын Коргоо министрлиги Түркиянын өкмөтүнө мамлекеттик Anadolu агенттигинде Сирия түндүгүндөгү америкалык базалардын жайгашкан жерлери тууралуу маалыматтын жарыяланышына тынчсыздануу билдирди.
Пентагондун өкүлү Адриан Ранкин-Геллоуэйдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, мындай маалыматтардын ачыкталышы коалиция күчтөрүнө коркунуч туудурат. Өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топко каршы аскердик операцияларды жүргүзүүгө тоскоол болушу мүмкүн.
Сириядагы куралдуу конфликттин жүрүшүндө оппозиция тарапта согушкан күрт козголоңчуларын да колдогон Вашингтон менен Түркиянын ортосунда пикир келишпестик күчөп жатат. Расмий Анкара сириялык күрттөрдүн Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчулар менен байланышы бар деп эсептейт.