Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:12

Журналист Юлия Латынинанын үйүнө газ чачылды


Юлия Латынина.
Юлия Латынина.

19-июлда Москвада белгисиз кишилер журналист Юлия Латынина жашаган үйгө газ чачып кетишти. "Эхо Москвы" радиосу билдиргендей, андан Латынинадан тышкары жети киши жабыркады, алардын төртөө улгайган киши, экөө бала. Журналист полицияга кайрылбай турганын айтууда.

Юлия Латынинага мындай кол салуу биринчи жолку эмес. Былтыр августта белгисиз кишилер ага заң чачып кетишкен. Полиция журналистке кол салуу анын кесиптик ишине байланыштуу эмес деп билдирген. Иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу башка маалымат айтылган жок.

Юлия Латынина Орусияда саясий жана экономикалык иликтөөчү катары белгилүү. «Эхо Москвы», «Коммерсантъ» жана «Ежедневный журнал» басылмалары менен кызматташып, орус бийлигин кескин сындап жүрөт.

XS
SM
MD
LG