Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:48

Прокурордун жардамчысы Данияр Сейталиев катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Алмамбет Абдраманов билдирди.

Биринчи Май районунун прокурору Гүлнара Акимбаеванын жардамчысы Данияр Сейталиев 17-июль күнү кечинде Ысык-Көлгө кетип баратканда жол кырсыгына кабылган. Кырсыкта “Хонда Стрим” унаасынын айдоочусу, 1997-жылы туулган аялдын өмүрү кыйылган. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, окуя боюнча Токмок шаардык милициясы кылмыш ишин козгоду. Прокурордун жардамчысы убактылуу кармоо жайына эки айга камалды.

Айрым маалымат каражаттар, кырсык болгон учурда машинасын таштап качкан Сейталиевдин мас абалында болгонун, машинасынан кылмыш иши токтотулган 25 папка табылганын жазып чыгышты. Милиция жана прокуратура бул маалыматты ырастаган жок. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG