Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Темир Сариев шайлоочулардын колун топтоп, БШКга тапшырды


Темир Сариев
Темир Сариев

“Ак шумкар” партиясынан президенттикке көрсөтүлгөн Темир Сариев өзүн колдогон 60 миңден ашуун адамдын колун Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул тууралуу Сариевдин шайлоо штабынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жарандардын колу коюлган тизмелерди бүгүн Темир Сариев өзү барып тапшырды.

Эми БШК он күн ичинде топтолгон колду текшерип, кабыл алышы керек. Шайлоо мыйзамына ылайык, президенттикке көрсөтүлгөн жаран 30 миңден кем жарандын колун топтоп, 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөп, мамлекеттик тилди билгени боюнча тест тапшырышы керек. Мындан соң БШК аны президенттикке талапкер катары каттайт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда шайлоого талапкерлигин коюуну каалаган жарандардын саны расмий 32ге жетти. Алардын бешөөнү саясий партиялар көрсөтсө, калгандары өзүн-өзү көрсөткөн. БШК талапкерлердин арызын 1-августка чейин кабыл алат. (BkA)

XS
SM
MD
LG