Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

Иран АКШдан аймактагы базаларын жылдырууну талап кылды


Ирандын "Революция сакчылары кеңеши" Вашингтондон Перс булуңундагы базаларын башка жакка жылдырууну талап кылып, мындай чара Тегеранга каршы киргизилген жаңы санкциялардан кийин ыктымал карама-каршылыктардын алдын алуу үчүн керектигин билдирди.

"Эгер АКШ Ирандын коргоо тармагына жана сакчыларга каршы санкция киргизүүнү мерчемдеп жатса, анда аймактагы базаларын Ирандан миң чакырым алыс коюшу керек. Алар туура эмес эсептөөлөрдүн акысын эсеси менен төлөп каларын билиши зарыл", - деген сакчылар кеңешинин командири Мохаммад Али Жафаринин сөздөрүн "Тасним" баштаган жаңылыктар агенттиктери жазып чыгышты.

Пентагон чөлкөмдөгү базаларынын ордун алмаштыруу ниети жоктугун билдирди.

18-июлда президент Дональд Трамптын администрациясы Тегерандын баллистикалык ракеталар программасына байланыштуу Иранга жаңы санкцияларын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG