Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

УКМК: Бекназаровдун курултайда айтканына юридикалык баа берилет


Туруктуу элдик кеңештин төрагасы, саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Ата Журт” партиясынын 18-июлдагы курултайында сүйлөгөн сөзүнө юридикалык баа берилет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен “Азаттык” радиосуна ырасташкандай, анын айткандары филологиялык-саясий экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү.

- Экөөнүн тең тага журту, ата журту, кайын-журту таза кыргыздар. Кыргызстан кыргыздар үчүн керек, ал кыргыздардын мамлекети. Биздин саясат, биздин президенттер кыргыздар үчүн иштеши керек. Кыргызстандын мамлекети, кыргыздардын үйүн курушу керек. Акаев куруп кеткен “Жалпынын үйү” дегенди бузушубуз керек. Ошол “жалпы үйдө” өсүп, тарбияланып саясатка аттанган саясатчылар ким экенин, ал эми мекен үчүн, эл үчүн кызмат кылгандарды дагы айрып тааный турган мезгил келип жетти.

Саясатчынын бул айткандарында улут аралык кастыкты козуткан чакырыктар бар-жогу экспертизанын жыйынтыгында аныкталып, баа берилет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG