Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Украинада маркум журналист Павел Шереметти эскеришти


Киевдеги жүрүш
Киевдеги жүрүш

Украинанын борбору Киевде ондогон журналисттер менен активисттер белгилүү журналист Павел Шереметти эскеришти. Алар алгач Шереметтин өмүрүн алган жардыруу болгон районго жыйналып, андан соң президенттин, коопсуздук кызматынын жана улуттук полициянын имараттарына чейин жүрүш уюштурушту. Алар бийликтен маркум журналисттин өлүмүнө жооптуу адамдарды табууну талап кылышты.

Бир жума мурда Журналисттерди коргоо комитети да тергөө ишин сынга алган. Эл аралык уюмдун баяндамасында Шеремет өлтүрүлгөн бир жыл ичинде териштирүү иштери алдыга жылбаганы айтылган. Андан мурда Украинанын президенти Петро Порошенко жакын арада тартип коргоо органдары тергөөнүн жыйынтыгы боюнча коомчулук алдында ачык отчет бериши керектигин билдирген.

Павел Шеремет өткөн жылы 20-июлда машинасына коюлган бомбанын жарылышынан мерт болгон. Теги беларус Шеремет орусиялык жана украиналык маалымат каражаттарында эмгектенип келген. Ал Орусиянын коомдук телеканалынан 2014-жылы Москва Крымды Украинадан тартып алгандан кийин кеткен. Шеремет Кремлдин пропагандасынан айырмаланган көз карашты карманган журналисттерге ачык эле чабуул жасалып жатканын айткан болчу.

XS
SM
MD
LG