Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

HRW Иранды маңзат үчүн өлүмгө тартууну токтото турууга чакырды


"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Ирандын парламенти өлкөнүн маңзат мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулап бүткүчө маңзат кылмыштары боюнча соттолгон адамдарды өлүм жазасына тартпай турууга чакырды.

Эки жумадан кийин депутаттар маңзат боюнча өлүм жазасына тартылгандардын санын кыскарта турган өзгөртүүлөргө добуш бериши керек.

"Жаңы өзгөрүү боюнча, эң көп дегенде 30 жылдык абак жазасын ала турган адамдарды бүгүн өлүм жазасына тартуу ырайымсыздыктын жеткен чеги болуп калат", - деди уюмдун Жакынкы Чыгыш боюнча директору Сара Уитсон 20-июлда жарыялаган билдирүүдө.

"Хьюман Райтс Уотчтун" маалыматы боюнча, Иран 5-июлдан бери маңзат кылмыштары боюнча соттолгон 39 адамды өлүм жазасына тарткан.

Ирандын азыркы мыйзамы боюнча, 30 граммдык героин ташыган, алып жүргөн жана саткан адам да өлүмгө өкүм кылынат.

XS
SM
MD
LG