Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Бакуда орусиялык блогер үч жылга абакка кесилди


Александр Лапшин
Александр Лапшин

Азербайжандын соту өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирди деп айыпталган Орусиянын жана Израилдин жараны, интернет блогер Александр Лапшинди үч жылга түрмөгө кести. 20-июлда Бакудагы сот Лапшинди 2011- жана 2012-жылдары бийликтин уруксаты жок талаштуу Тоолуу Карабак аймагына барганы, ошондой эле аймактын көз карандысыздыгын таанууга чакырганы үчүн күнөөлүү деп тапты.

Москвада жашаган 40 жаштагы орус тилдүү блогер Бакунун өтүнүчү менен декабрь айында Беларуста кармалган. Беларус бийлиги Орусиянын каршылыгына карабай аны февраль айында Азербайжанга өткөрүп берген.

Азербайжандын бир бөлүгү, бирок армяндар көп жашаган Тоолуу Карабакты Армения колдогон жикчилдер 90-жылдардын башындагы согуш учурунда ээлеп алган.

XS
SM
MD
LG