Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:29

Украин чыгышында жикчилдердин чабуулунан тогуз аскер мерт болду


Донецк

Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдердин күчөгөн артиллериялык соккуларынан 9 украин аскери мерт болду. Украинанын Коргоо министрлиги 20-июлда кабарлагандай, алты жоокер Донецк аймагында каза тапса, үчөө Луганскта мина жардыруусунан набыт кеткен.

Маалыматка ылайык, жикчилдер соңку 24 саатта 14 жолу украин армиясынын позицияларын бутага алган. Жикчилдер бул боюнча маалымат берише элек.

Эл аралык коомчулуктун арачылыгына карабай Украинанын чыгышында үч жылдан бери армия менен орусиячыл жикчилдердин кармашы токтобой келет. 2014-жылдан берки куралдуу кагылышуулар баш аягы 10 миңдей кишинин өмүрүн алды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG