Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Казакстан: акча уурдоого айыпталган адам укук коргоо кызматкерлерин жарадар кылды


Казакстанда 61 жаштагы киши прокурор менен полиция кызматкерин жарадар кылды. Андан кийин өзүн да атып салганын облустук ички иштер департаменти кабарлады. Маалыматка караганда, окуя 20-июлда Акмоло облусунун Целиноград районунда болгон.

Акча уурдоого айыпталып, сурак берип жаткан жаран прокуратуранын имаратынын жанында прокурорго жана полициячыга ок чыгаргандан кийин автоунаа менен качып кеткен.

Он мүнөт өткөн соң, анын сөөгү машиненин жанынан табылган. Полиция ал жүрөк тушка атынып өлдү деп айтууда. Жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн, алардын абалы туруктуу.

XS
SM
MD
LG