Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюмунун делегациясы узакка созулган тыныгуудан кийин Өзбекстанга быйыл августта бара турган болду. Бул маалыматты аталган уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Стив Свердлов ырастады.
Буга чейин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов өз өлкөсү Human Rights Watch менен кызматташуусун жандантууга даяр экенин билдирген. Ташкент башка уюмдар менен да алака түзө турганын, бирок бул Өзбекстан алардын бардык талаптарына же шарттарына макул дегенди түшүндүрбөй турганын айткан.
Уюмдун Өзбекстандагы ишмердүүлүгү 2011-жылы июлда токтотулган. HRW 2005-жылы Анжияндагы кандуу окуядан кийин өзбек бийлигин кескин сындап келген.