Кыргызстандын Салык кызматы жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик салык кызматынын бүгүнкү коллегиясында алты айда аткарылган иштер менен катар бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы талкууланат.
Ошондой эле жыйында салык чогултуу иштери, жарандардан келген кайрылуу, арыздар да каралат.
Өлкөдө 2017-жылдын январь-май айларында 27 млрд 790,9 млн сом салык жайналган, коюлган план 100,2 пайызга аткарылган. (NT)