Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:16

Муфтият ажыга бара тургандарды окута баштады


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажыга зыяратка бара тургандарды окута баштады.

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Чүй облусунун Кант шаары жана Александровка айылдарынан Меккеге аттанчуларга сабак өтүүдө.

Сабактар ар бир борбордук мечиттерде интерактивдүү ыкмада практикалык тапшырмаларды аткартуу менен өтүп жатат. Анда ажылык парзды өтөөгө туура ниет кылуу, ажылык кийимдерди эреже менен кийүү, Курмандык чалуу, чач алуу, Арафат, Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын машакаттарына сабыр кылуу сыяктуу кеп-кеңештер берилүүдө. Мындан сырткары Кааба ташын айлануу жана Сауд Арабиянын ажылык учурундагы коюлган эрежелери тереңдетилип үйрөтүлүүдө. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Быйыл Меккеге ажылык зыярат август айына белгиленген. Сауд Арабия Кыргызстанга 4585 орун бөлгөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, зыяратка барчулардын 95 пайызы менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG