Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында жылыштар болгон жок. Бул тууралуу ЕБнын делегация башчысы Мишел Барнье сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасынан кийин өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, тараптар Брекситтен кийинки ЕБ жарандарынын укуктары тууралуу маселелерде тил табыша алган жок. Лондон бирдиктүү Европадан бөлүнгөнү үчүн компенсация төлөйбү деген суроо дагы ачык калды.
Маалыматка караганда, кийинки сүйлөшүүлөр августтун аягына белгиленди. Анда Британия жарандарынын укуктары, Түндүк Ирландия менен Ирландия республикасынын чек ара маселелери жана Брюсселдин Лондонго карата каржы багытындагы талаптары талкууланат.
Британия ЕБ менен эркин соода келишимин талкуулоону каалайт. Бирок Брюссел негизги үч талабы боюнча Лондондон ачык жооп алмайынча, бул маселе козголбой турганын ишара кылууда.
Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу боюнча сүйлөшүүлөр 17-июлда Брюсселде башталган.