Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Панкратов: ЕАЭБ өлкөлөрүндө экспорт 29% көбөйдү


2017-жылдын январь-май айлары үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө экспорт 224,8 млн долларды түзүп, 29,3 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов “Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикте, жыйынтыктар, маселелер, келечек” деген аталыштагы жыйында билдирди.

- Жаңы интеграциялык эрежелерге ыңгайлашуу этабынан өтүүдө. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, 2017-жылдын январь-май айларында республикада алтынды эске албаганда экспорт 400,2 млн долларды түздү жана 23,4% жогорулады. Ал эми импорттук товарлар аналогдук мезгил үчүн 1614,6 млн долларын түзүп, 2016-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 10,9% өстү. Мындан улам экспорттун өсүүсү импорттун өсүү темпинен ашты.

Панкратовдун белгилешинче, экспорттун көбөйүшү менен акчалай которуулардын өсүүсү катталган. 2017-жылдын беш айында өлкөдөгү акча которуулар 695,4 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,2% өскөн.

Кыргызстан 2015-жылы август айында курамына Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения кирген Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон. Анын астында биримдиктин аймагындагы товарларды техникалык жөнгө салуунун тартибине өтүү үчүн Кыргызстанга эки жылдык өткөөл абал киргизилген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG