Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Linkin Park тобунун ырчысы Честер каза болду 


Америкалык Linkin Park тобунун ырчысы Честер Беннигтондун сөөгү Лос-Анжелестеги үйүнөн табылды. Бул тууралуу Associated Press агенттигине коронер кеңсесинен (өлүмдүн себептерин иликтеген кеңсе) кабарлашкан. Маалыматка караганда, 41 жаштагы ырчы өз жанын кыйды деп божомолдонууда.

Эл аралык булактар ал көп жылдан бери алкоголго жана маңзатка көз каранды болуп келгенин жазып чыгышты. Эң жакын досторунун бири Soundgarden тобунун фронтмени Крис Корнэлл быйыл май айында өз жанын кыйган. Беннигтондун артында алты баласы калды.

Linkin Park рок-тобу 1996-жылы түзүлгөн. 2000-жылы Hybrid Theory албому топко атак алып келген.

XS
SM
MD
LG