Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:04

Ысык-Көлдө “Алтай конушу” көргөзмөсү ачылды


Ысык-Көлдөгү “Алтай конушу” көргөзмөсүнүн ачылыш аземи. 21-июль.2017

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылындагы Курманжан Датка атындагы көчмөн цивилизациясы борборунда “Алтай конушу” көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмө алтай элдеринин каада-салтын, жашоо-турмушун чагылдырган стилде жасалган. Коноктор жана туристтер үчүн маданий-этнографиялык музыкалык программа уюштурулган. Бүгүн көргөзмөнүн ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев катышты. Мамлекет башчы “Алтай конушу” көчмөн маданиятын чагылдырган ордо болорун белгилеп, алтай элдеринин павильондору ачыларын кошумчалады. Ал өз сөзүндө “кыздар башына кап кийбей, Курманжан даткадай эл башкарышы керек”,- деди.

"Алтай цивилизациясы жана алтай тилдүү тектеш элдер" деп аталган эл аралык форум 20-июлда Бишкекте башталган.

Ага Орусиянын курамындагы Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Башкырстандын лидери Рустем Хамитов, Саха жумуриятынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков баштаган мамлекеттик ишмерлер, көрүнүктүү этнограф, антрополог, тарыхчы окумуштуулар катышууда.

Форум 21-23-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында уланып, анын соңунда биргелешкен декларация кабыл алынат. (КЕ/ZA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG