Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Жалал-Абад: тургундар мөңгү суусу менен камсыз болот


"Таза суу" долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунун айылдары жана Ноокен районундагы Шайдан-Сай, Масы айыл округдары Арстанбап аймагындагы мөңгү суусу менен камсыз болот.

Бул тууралуу Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимулов “Азаттык” радиосуна билдирди. Былтыркы жылы Арстанбаптагы мөңгүнүн таза суусун суу түтүктөрү аркылуу бардык айылдарга тартып келүү боюнча 5 млн сомдук долбоор даярдалган. Анын жалпы сметалык баасы 400 млн сомдун тегерегинде. Каражат маселеси караштырылып, долбоорду аткарууга аракеттер көрүлүп жатат. Учурда райондун 60% таза суу менен камсыз болгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG