Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

“Мекен Ынтымагы” Асанбековду президенттикке көрсөттү


"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, 21-июль, 2017
"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, 21-июль, 2017

Бүгүн Бишкекте “Мекен ынтымагы” партиясынын IX курултайы өттү. Анда партиянын атынан 15-октябрда өтчү президенттик шайлоого партия лидери Темирбек Асанбековду көрсөтүү талкууланды.

Курултайга 200дөй делегат катышып, учурдагы абал боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү. Анда сөз сүйлөгөн Асанбеков энергетика, кен байлык сыяктуу стратегиялык объекттердин акчасы казынага түшүшү керектигин белгилеп, өзүнө атаандаш саясатчыларды каралабай саясий маданиятты түптөй турганын айтты.

“Мекен ынтымагы” саясий партиясы 2010-жылы түзүлгөн. Асанбеков 2011-жылкы президенттик шайлоодо талапкер болгон. 2015-жылы ал жетектеген партия парламенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын 0,79%, добушун алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG