Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Exxon Mobil АКШнын айып пул боюнча чечимин сотко берди


Америкалык мунай чыгаруучу Exxon Mobil компаниясы АКШнын Каржы министрлигинин айып пулун адилетсиз чечим деп мүнөздөп, өкмөттү сотко берди. 20-июлда Каржы министрлиги АКШнын Орусияга киргизген санкцияларын бузду деген жүйө менен Exxon Mobil компаниясына 2 миллион долларлык айып пул саларын жарыялаган.

Бул санкциялар Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялагандан кийин 2014-жылдын жаз айында киргизилген. Санкциялар бутага алган адамдардын арасында Орусиянын мамлекеттик "Роснефть" компаниясынын башчысы Игорь Сечин да бар эле. Exxon Mobil санкциялар жарыялангандан көп өтпөй, 2014-жылдын май айында "Роснефть" менен сегиз мунай жана газ келишимине кол койгон. Америкалык компания келишимди жеке адам эмес, ишкана менен түзгөнүн билдирип жатат.

Exxon Mobil компаниясын 2006-жылдан 2017-жылга чейин учурдагы Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон жетектеп турган. Соңку кабар боюнча анын кеңсеси комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG