Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:51

Испанияда Сальвадор Далинин сөөгү эксгумацияланды


Сальвадор Дали
Сальвадор Дали

Испанияда атактуу сүрөтчү Сальвадор Далинин сөөгү жумага караган түнү эксгумацияланды. Буга Далинин никесиз төрөлгөн кызы экенин айткан 61 жаштагы Пилар Абел Мартинестин сотко кайрылганы себеп болду.

"Ассошиэйтед пресс" агенттиги кабарлагандай, соттук-медициналык эксперттер сүрөтчүнүн табытын ачып, биологиялык материал алышты. Ал материал баш калаа Мадридге жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы бир канча жумага созулмакчы.

Пилар Абел Мартинес 2007-жылдан бери атасы Сальвадор Дали экенин далилдөөгө аракет кылып келет. Анын айтымында, апасы Далинин үйүндө үй кызматкер болуп иштеген. Ал көзү өтөр алдында гана бул тууралуу кызына айтып кеткен.

Сюрреализмдин дүйнөдөгү атактуу өкүлү катары саналган сүрөтчү Сальвадор Дали 1989-жылы каза болгон. Анын сөөгү Каталониядагы Фигарес шаарында коюлган. Далинин музейин жетектеген фонд Пилар Абел Мартинестин айткандарынан күмөн санап келишет. Эгер экспертиза ырастаса, 61 жаштагы айым Далинин фамилиясын алып, сүрөтчүнүн эмгектерин мурастап калат.

XS
SM
MD
LG