Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


Түркиянын Бодрум шаарындагы жер титирөөдө жабыркагандар жана каза тапкандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Түркиядагы элчилик табият кырсыгы катталган аймактын тиешелүү органдары менен тыгыз байланышып турат.

20-июлда Грекия аралдары жана Түркиянын Эгей деңизинин жээгинде күчү 6,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын очогу курорттук Бодрум шаарынан 10 чакырым алыстыкта болгон. Кос шаарынын мэри Гиоргос Киритсис Грекиянын маалымат каражаттарына эки киши каза болгонун, ондогон киши жараат алганын айткан. Бир катар имараттар, деңиз порту жабыркаган. Куткаруучулар уранды алдынан үч кишини алып чыгышкан.

Түркиянын Мугла провинциясынын губернатору жер титирөөдө адам өмүрүнө зыян келбегенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG