Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:25

Кыргызстанда жаңы окуу жылында 775 мектеп интернетке кошулат


Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда 775 мектеп интернетке туташтырылат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу жылына карата даярдыктарды талкуулаган жыйында билдирди. Маалыматка караганда, ушул күнгө чейин интернет жеткен мектептердин 27си өлкөнүн чек ара райондорунда жайгашкан.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдагандай, бул максатта республикалык бюджеттен 2017-жылы 111,8 млн сом каралган. Буга чейин 467 мектеп интернетке кошулган. Жыл аягына чейин республикадагы мектептердин 60% интернет түйүнүнө туташтырылат. Бул иштер “Таза коом” долбоору аркылуу ишке ашат.

Кыргызстанда жалпысынан 2218 мектеп бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG