22-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. 23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16...+21, күндүз +30..+35;
Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +30...+35;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +32...+37;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24..+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +27...+32;
Бишкек шаарында 22-24-июлда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Түнкүсүн +18…+20, күндүз +34…+36.