Линктер

шаршемби, 24-январь, 2018 Бишкек убактысы 13:35

Кыргызстанга оң рулдуу автоунаанын 5 түрүн киргизүүгө уруксат берилди


Кыргызстандагы автоунаа базары. 05.6.2014.

Кыргыз өкмөтү оң рулдуу (тизгиндүү) автоунаанын беш түрүн өлкө аймагына алып кирүүгө уруксат берген токтом чыгарды. Токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 18-июлда кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Бул тизмеге автокрандар, автобургу, авто-бетон аралаштыргыч, жуугуч-сугаргыч, таштанды жыйнагыч, кар тазалагыч, ассенизаторлор, өрт өчүргүч, авариялык-куткаруучу, тракторлор жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналар киргизилген.

2015-жылы 28-февралда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG