Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

AP: АКШ жарандарына Түндүк Кореяга барууга тыюу салат


Америкалык студент Отто Уормбиер
Америкалык студент Отто Уормбиер

АКШ өз жарандарына Түндүк Кореяга барууга тыюу салганы жатат. Мындай чечимди мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон кабыл алганын "Ассошиэйтед пресс" агенттиги 21-июлда өз булактарына таянып кабарлады. Азырынча Мамдепартамент расмий комментарий бере элек.

Түндүк Кореяга турларды уюштурган эки туристтик компания бул чечимден кабары бар экенин билдиришти.

Июнь айында Түндүк Кореядагы абактан бошотулган 22 жаштагы америкалык студент Отто Уормбиер АКШга келгенден кийин өзүнө келбей жатып каза болгон. Ал Пхеньянда үгүт плакатын уурдаганы үчүн мамлекетке душмандык кылды деп 15 жылга соттолуп, 17 ай камакта жаткан. 13-июнда мекенине алып келинип, ооруканага жаткырылган.

Учурда кеминде үч АКШ жараны Түндүк Кореяда камакта жатат.

XS
SM
MD
LG