Укук коргоо жана медиа эркиндиги жаатында иш алып барган 11 эл аралык уюм Иран президенти Хасан Роуханиге кайрылып, юстиция министри Мостафа Поурмахаммадини экинчи мөөнөткө дайындабоого чакырышты. Алар бул саясатчыны 1988-жылы диссиденттерди өлтүрүүгө аралашкан деп айыптап жатышат.
"Хьюман Райтс Уотч" баштаган уюмдардын 20-июлда жарыяланган кайрылуусунда "министрди кайра дайындоо Роуханинин шайлоо алдындагы убадаларына туура келбестиги" айтылат.
Май айындагы шайлоону жеңип чыккан Хасан Роуханинин экинчи президенттик мөөнөтү 5-августта башталат. Анда өкмөттүн курамы да жаңыланмакчы.
1980-88-жылдардагы Иран-Ирак согушунун акыркы күндөрүндө "Мужахедин-е Халк уюмунун" 5 миңден ашык мүчөсү өлтүрүлгөн. Алардын арасында солчул активисттер, студенттер болгон.