Германиялык Siemens фирмасы Орусиядагы мамлекет көзөмөлдөгөн компанияларга жабдык берүүнү токтотот. Фирма төрт газ турбинасы Орусияда өзгөртүлүп, мыйзамсыз түрдө Крым аймагына жөнөтүлгөнү тууралуу ишенимдүү булактардан маалымат алган.
Siemens мындай жагдай келишимдин жоболоруна жана Евробиримдиктин стандарттарына каршы келерин атайын билдирүүсүндө белгиледи.
"Рейтерс" агенттиги кабарлагандай, германиялык фирма орусиялык "Интеравтоматика" аттуу биргелешкен ишканадан да чыкканы турат.
11-июлда Siemens Москванын арбитраждык сотуна кайрылып, Крымга жөнөтүлгөн турбиналарын кайтарып берүүнү өтүнгөн.
Кремль Украинадан тартып алынган Крым жарым аралында Орусияда гана жасалган турбиналар орнотулганын билдирген.