“Ош-Тазалык” ишканасы өз каражатына таштанды ташуучу жана көчө тазалоочу эки трактор сатып алды. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Талантбек Капаров “Азаттыкка” билдирди.
Капаровдун айтымында ишкана мындан тышкары тапкан кирешесине жумушчулар үчүн мончо жана жумушчу автоунааларды жуучу жай куруп жатат.
“Ош-Тазалык” ишканасында 438 адам жана 58 техника иштейт. Жылдык бюджети 105 миллион сомду түзүп, 226 миң адамды тейлейт. (YI)