23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде жана Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16...+21, күндүз +32..+37;
Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +30...+35;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +32...+37;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11...+16, күндүз +25..+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +29...+34;
23-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21, күндүзгү жогорку температурасы 34…36 градус ысык болушу күтүлөт.