Бишкек – Ош автожолу мамлекеттик дирекциясынын башчысы Изатбек Токтомамбетов кызматынан алынып, анын ордуна Тыныбек Кадырбаев дайындалды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов “Азаттыкка” билдирди.
Анын ырасташынча, Токтомамбетовдун иштен алынышына жолду оңдоо иштерин создуктурганы себеп болгон. 19-июлда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Токтогулга иш сапар менен барып, жол оңдоо иштери кечеңдеп жатканынына күбө болгон. Мындан улам жетекчини иштен алууну жана ремонт иштерин 15-августка чейин бүткөрүүнү тапшырган.
Транспорт министри Калилов жаңы дайындалган жетекчи Кадырбаев жолду белгиленген мөөнөткө бүтүрөрүн кошумчалады. (UEz)