Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Калилов: Балыкчы – Корумду автожолуна дагы 4 миллиард сом керек


Balykchy - Tamchy - Cholpon-Ata - Corumdu жолу
Balykchy - Tamchy - Cholpon-Ata - Corumdu жолу

Узундугу 104 чакырымды түзгөн Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду автожолун оңдоо иштерин толук бүткөрүү үчүн дагы 4 миллиард сом керектелет. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган жолдун реконструкциясы толугу менен 2018-жылдын аягында бүтөрү пландалууда. Бирок ал үчүн каражат маселеси чечиле элек.

Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду автожолун кеңейтүү долбоору 6 миллиард 803 миллион сомго бааланган. Сынакта кытайлык “Лонг Хай” компаниясы жеңип, курулушту 2016-жылдын жазында баштаган. Аталган жол Көчмөндөр оюнуна карата шашылыш бүткөрүлүп, бир катмар гана асфальт басылган болчу. (UEz)

XS
SM
MD
LG