Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода өрт, авария сыяктуу кырсыктарды тасмага тарткандарды жазалоону сунуштады. Анын айтымында, кырсык окуяларын видеого тарткандар куткаруучуларга тоскоолдук жаратат. Министр буга “Корвон” базарындагы өрттү мисалга тартты.
Тажик милиция башчысы Рахимзода мыйзамдарды өзгөртүү жолу менен чукул кырдаалдарды тасмага тартууга тыюу салууну көздөйт. “Корвон” базарындагы өрттө 160 соода күркөсү күлгө айланган.