Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Масалиев: Төрөбаевге президенттик жарышка чыгаарымды айткам


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“Кыргызстан коммунисттери” партиясы президенттикке талапкер катары Исхак Масалиевди алып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Масалиев өзү маалымдады.

Масалиевдин айтымында, 22-июлда “Кыргызстан коммунисттери” партиясынын курултайы өткөн. Өлкөнүн аймактарынан келген 150дөн ашык делегет партиянын лидерин президенттик шайлоого талапкер катары чыгарууну колдошкон. Масалиев талапкер болуп калса, мамлекеттик башкарууну өзгөртүүнү жактаарын билдирди:

- Мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртпөсөк болбой калды. Президент, премьер-министр, Жогорку Кеңеш ортосунда түшүнбөстүктөр көп болуп жатат. Мисалы, президент бүгүнкү күндө формалдуу түрдө укуктары жок, ал эми Жогорку Кеңеш ага тышкы саясатты берип койду. Ошондой эле президент бүгүнкү күндө аткаруу бийлигине аралашпайт, укугу жок. Бирок, чыныгы турмушта башкача болуп жатат. Мындай нерселерге жол бербешибиз керек. Чыныгы күчтүү президентти шайлашыбыз керек же бул кызматты кыскартып күчтүү премьер же Жогорку Кеңеш болуш керек, – деди Масалиев.

Исхак Масалиев учурда парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты. Ал аталган партиянын лидери, президенттикке аттанып жаткан Бакыт Төрөбаевге шайлоого катышуу ниети тууралуу кабарлаганын кошумчалады.

- Ал киши менен макулдашуунун кажети жок, бирок кабар катары айткам. Мыйзам боюнча "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын катарына кирген эмесмин. Мыйзамда ушундай мүмкүнчүлүк каралган. Депутаттык жана фракциянын тартибин аткарууга даярмын, бирок, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын ички ишине кийлигишпейм.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерликке арыз бергендердин 30у өзүн-өзү көрсөтсө, 7си саясий партиялардан сунушталган. Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынып, акыркы тизме 10-сентябрда жарыяланат. (TSh)

XS
SM
MD
LG