Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Балбан Бекзат Алмаз уулу Азия чемпиондугунда коло медал тагынды


Кыргызстандын эркин күрөш балбаны Бекзат Алмаз уулу ушул күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр (кадеттер) арасындагы Азия чемпиондугунда коло медал тагынды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Алмаз уулу 22-июлда 42 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Ал эми Абдымалик Карачев (-50 кг.) менен Кадыржан Кыргызбаев (-58 кг.) 3-орун үчүн таймашта утулуп, 5-орунду алышты.

Эркин күрөш боюнча таймаштар бүгүн, 23-июлда уланып жети салмакта (46-54-63-69-76-85-100 кг) байгелер ойнотулат.

Грек-рим күрөшү, кыздар жана эркектердин эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөрдүн Азия чемпиондугу 20-июлда Таиланддын Бангкок шаарында башталган. Буга чейин кыргыз балбандары бир алтын, үч күмүш жана төрт коло медалга ээ болушкан.

Грек-рим күрөшүнөн Нуртазин Керимберди (-50 кг.) чемпион болсо, Байэл Сатиев (54 кг.) менен Мустафа Гасанов (-100 кг.) күмүш, ал эми Марлен Асикеев (-58 кг.), Аслан Тойчуев (-63 кг.), Акылбек Талантбеков (-76 кг.), жана Данияр Шеримбеков (-85 кг.) коло байге тагынып, Иран жана Казакстандын командаларынан кийин жалпы командалык эсепте 3-орунду ээлешти. Ал эми кыздардын эркин күрөшүнөн Нураида Анаркулова (-56 кг.) күмүш байге алды. Эркин күрөшчүлөрдүн бүгүнкү таймаштары менен Азия чемпиондугу жыйынтыкталат. (Ech)

XS
SM
MD
LG