АКШдагы эки партиянын конгрессмендери Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөтүү боюнча мыйзам долбоорунун текстин макулдашты.
Бул тууралуу ишембиде Демократтардын лидери Ненси Пелоси маалымдап жатып, документке киргизилген Кытай боюнча жаңы жобо анын кабыл алынышын кечеңдетиши мүмкүн деген чочулоосун билдирди.
Тышкы иштер боюнча Сенаттын комитети, демократ Бен Кардин кызуу талкуулардан кийин орток пикир табылып, мыйзам долбоорун Конгресстин эки палатасы тең жактыраарына, ал эми президент Дональд Трамп Орусияга киргизилген катаал санкцияларды күчөтүүнү колдооруна үмүтүн билдирди.
Европа Биримдиги Кошма Штаттарды “Жети тобундагы” өнөктөштөрү менен бирге Орусияга каршы жаңы чектөөлөрдү координациялоого чакырды.