Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Нарында белгисиз адамдар ондон ашык бодо малды союп кеткени кабарланууда


Кара-Кужур кыштоосундагы мал уурулук боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобу иштеп жатат. Учурда канча мал уурдалганы тактала элек. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” кабарлады.

Бүгүн эртең менен социалдык тармактарда Кара-Кужур кыштоосунда он эки уйду белгисиз адамдар союп, ичеги карын, баш-шыйрактарын таштап кетти деген фото, видеолор тараган.

Нарын дубанында буга чейин да массалык мал уурулук катталып келген. (МiK/TSh)

XS
SM
MD
LG